Өзгөн районунун Кара-Таш айыл аймагында болгон катуу шамал 108 миң сомдон ашык зыян алып келди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 14-майда билдирди.
Маалыматка караганда, шамалдын кесепетинен 1 мектептин, 31 турак үйдүн чатыры талкаланган.
Эске сала кетсек, 11-май күнү саат 21:00 чамасында ылдамдыгы секундуна 22-27 метрге чейин жеткен катуу шамал Кара-Таш айыл аймагында катталган.