Каракол шаарында кечээ, 13-майда №7-бала бакчада 5 жаштагы кыз каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча координатору Эсен Сатылканов билдирди.
“Тез жардам” станциясына саат 09:35 чамасында чакыруу түшкөн, 5 мүнөттүн ичинде дарыгерлер бала бакчага жетип, медициналык жардам көрсөтүлгөн. Дарыгерлер келгенде кыз клиникалык өлүм (дем алуусу менен кан айлануусу токтоого чейин барган өтө терең, бирок жашоо органдарынын иш-аракети кайра кайтарыла турган абал) алдында болгон. Бир ирет жандандыруучу жардам көрсөтүлүп, кыз облустук ооруканага тез арада жеткирилген, тилекке каршы, кыз каза болуп калды”,- деди Сатылканов.
Маалыматка ылайык, учурда кыздын өлүмүнө эмне себеп болгону тууралуу алдын ала маалымат жок, аны аныктоо иштери жүрүп жатат. Кыздын өлүмүн ачыктоо үчүн анын сөөгү кечээ соттук-медициналык экспертизага берилген, жыйынтыгы жакын арада чыгары маалым.
“Айта кетчү нерсе, медиктер өз убагында тиешелүү жардамды көрсөттү, кыздын өлүмүндө алардын күнөөсү жок. Жакынкы убакта бул иштин жыйынтыгы боюнча маалымат берилет”,- деп кошумчалады Сатылканов.
Алдын ала маалыматтарга караганда, каза болгон кыз бала бакчанын короосуна балдар чыккан учурда башы тегеренип, жыгылып түшкөн.