Жеңишбек Сайдиевдин өлүмүнө шектелип кармалгандар Орусияда дагы бир адамды балка менен өлтүрүшкөнү айтылууда

Жеңишбек Сайдиевдин өлүмүнө шектелип кармалган жарандар Орусиянын жарандыгын алган кыргыз улутундагы адамдын да өлүмүнө тиешеси бар экендиги айтылууда. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, "Жеңишбек Сайдиевди атып кеткен" деген шек менен Таалай Нуриев жана Ислам Султанов аттуу жарандар кармалышкан. Иликтөөдө алар дагы бир адам өлтүрүүгө шектүү экени аныкталды.

Буга чейин алар Орусияда жашап келишкен. Ал жактагы Омск шаарындагы “Шанхай” базарында иштеген өз жердештерин коркутуп алардан акча алышып, күч көрсөтүшкөнү белгилүү болду.

Ушул жылдын 19-апрель күнү Омск шаардык полициясына И.А. аттуу жаран кайрылып, Ош облусунда туулган, кийин Орусиянын жарандыгын алган А.Мурзаев аттуу күйөөсү дайынсыз жоголуп жатканын кабарлаган. Кийин жоголуп жаткан жарандын жансыз денеси табылган. Аны белгисиз адамдар балка менен башка чаап өлтүргөнү аныкталган.

Омск полициясы аталган кылмышка жумушсуз жүргөн, Ош облусунан келген Таалай Нуриев жана Ислам Султанов аттуу жарандар шектүү экендигин аныкташкан. Бирок аларды кармагыча шектүүлөр Кыргызстанга из жашырып кетишкен.

Эске салсак, 30-апрель күнү саат 15:17 чамасында азиат улутундагы 30-35 жаштардагы белгисиз адам Кара-Суу районунун Дыйкан-Кыштак айылынан жеке ишкер Жеңишбек Сайдиевге аңчылык мылтыгынан эки ирет ок атып качып кеткен. Алган жараатынан улам Жеңишбек Сайдиев 1-майда ооруканада көз жумган болчу. Кийин анын өлүмүнө шектүү катары жогоруда аттары аталып келген Таалай Нуриев жана Ислам Султанов аттуу жарандар кармалышып, алар жеке келишпестиктердин айынан Сайдиевге ок чыгарышканы айтылган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
kama_future_millioner
2014-05-14 11:40:44
Мыкачылар
+2
tynara81
2014-05-14 11:43:31
Адам өлтүрүп акча тапканга көнүп алышкан экен да, макулуктар.
+1
nabi89
2014-05-14 13:21:06
Адам олтуруу кее бир адамдарга тоок ололтургон дой эле болуп калды кандай адамдар Адам олтурот билбейм жалдырап жанын да олтурса мыкаачы буларды озуну дагы кыйнап олтуруш керек
+3
Biinura
2014-05-14 14:23:00
Серийные убийцы с разными почерками.
+1
Salimboy
2014-05-14 15:11:57
Биздин Сот прокурор го ыйман берсин алар жакында Омскийден барган болсо кандай Рамаатылык Женишбек менен чырдашат эми заказчигин кармагыла
0
toobaldaru
2014-05-14 20:05:12
киллерлер го. бироо жалдаганда. бирок бир кылмышкерлер бирин бири олтурушту, аны неге эле ушунча гезитке жазып, талкуулап атабыз. Ушуну да саясатташтырып, озуно упай топтоп алгысы келип жаткан Мырзакматовго жиним келет. жакшы киши экен десе корсо упай учун баарын кылат тура...
-1
Kundizka
2014-05-14 21:02:59
toobaldaru, Эч кандай Мырзакматовко тиешеси жок, жазат десе жаза берет экенсинерда.
-1
Erhan
2014-05-14 20:51:25
Гезит беттерин ачсак эле ушул окуя жонундо макалалар жазылган болот.Милиция кызматкерлери ыкчам эле кылмышкерлерди кармашты.Женищбектин туугандары кучтуу экени даана байкалып турат.Кана эле биздин ИИМдин кызматкерлери башка жуздоп саналган оор кылмыштардын бетин ачып турушса.Бизди баарынан да бейкуно кеткен 3-4 кыздарыбыздын табышмактуу олумдору ойлондурат.Алар жапжаш болушса,оздоруно кантип душман ашырып алышты,деги кылмышкерлер табылабы деген ой келет.
0
Jyrgal_msk
2014-05-14 22:09:00
Маркум Мырзаев деген биздин агаларыбыз эле.Омскийде жашачу.Көрсө ушул кылмышкерлер өлтүргөн тура.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан