Ош шаарында жол кырсыгы катталып, эки адам жабыркады

Ош шаарында жол кырсыгы катталып, эки адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 14-майда билдирди.

Маалыматтарга таянсак, 2014-жылдын 14-майында саат 01:25 чамасында Курманжан датка көчөсүндө Тико үлгүсүндөгү унаа менен Ауди үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Натыйжада 2 адам жабыркаган.

Окуя болгон жерге КРнын ӨКМнын Ош шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары барышып, жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн соң, жабыркагандар "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан