Бишкекте "милиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөн" деп айыпталып жаткан жаран үй камагына чыгарылды

Бишкекте "коомдук тартипти бузуп, милиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөн" деп айыпталып жаткан Нарын облусунун тургуну үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 14-майда билдирди.

Аталган жаранга Октябрь РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан “бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, сотто аны эки айга камоо өтүнүчү каралган. Бирок Октябрь райондук соту кармалган 43 жаштагы Мирлан аттуу жаранды үй камагына чыгаруу тууралуу чечим чыгарган.

Эске салсак, Октябрь РИИБинин кызматкери айрым жашоочулардан келип түшкөн арыздардын негизинде шаардагы кафелердин бирине барган. Ал жерден кафенин кардары милиция кызматкерин көрүп, ага карата адепсиз сөздөрдү айтып, каршылык көрсөткөн. Жыйынтыгында укук коргоо кызматкери аталган жаранды убактылуу кармоочу жайга алып келген. Кармалган жарандын мурда да соттолгондугу белгилүү болду.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан