АКШ Орусиянын GPS сыяктуу "ГЛОНАСС" деп аталган системинин станцияларын АКШда орнотууга уруксат бербесе, Орусия "Космостук спутниктик навигациялык систем" деп аталган АКШнын глобалдык байкоо системин 1-июнга чейин токтотот. Бул тууралуу 13-майда Орусиянын вице-премьер-министри Дмитрий Рогозин журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, бул маселе боюнча жумушчу топ түзүлдү.
“Федералдык космос агенттиги, Илимдер академиясы жана Тышкы иштер министрлиги катышкан жумушчу топ түзүлгөн. АКШ менен сүйлөшүүгө киришип жатабыз. Ага үч ай же быйылкы жылдын жай мезгилинин аягына чейин убакыт беребиз. Бул сүйлөшүүлөрдө кызматташууларды калыбына келтирүүгө үмүттөнөбүз. Эгерде андай болбосо, анда 1-сентябрдан тарта станциялар ишин токтотот”,- дейт Рогозин.
Маалыматка ылайык, Орусиянын аймагында GPS`тин 11 станциясы бар.