Кыргыз-Орус Славян университетинин жооптуу кызматкерлери “кызмат абалынан пайдаланышкан” деп шектелишүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 14-майда билдирди.
УКМКнын коррупцияга каршы кызматы 2013-жылы 24 абитуриентти окууга алууда тартип бузуулар болгондугун аныкташты. Тагыраак айтканда, абитуриенттердин социалдык статусу жана жалпы республикалык тестирлөөдө алган баалары тийиштүү деңгээлде текшерилген эмес.
Ошондой эле окууга кабыл алынган 24 абитуриенттин айрымдары КРнын жараны эмес экендиги жана жалпы республикалык тестирлөө учурунда чет өлкөдө жашап жүрүшкөнү аныкталган.
Учурда аталган окуя боюнча УКМКнын тергөө бөлүмү тарабынан “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.