Тиешелүү документтери жок кыргыз-тажик чек арасы аркылуу 40 тонна цемент өткөрүүгө аракет кылган Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 14-майда билдирди.
Маалыматка караганда, 13-май күнү Баткен чек ара отрядынын чек арачылары тарабынан Кыргызстандын жараны кармалган. Ал жалпы баасы 200 миң сомдук цементти коңшу Тажикстанга өткөрмөк. Учурда тиешелүү документтер толтурулуп, Мамлекеттик бажы кызматына өткөрүлүп берилди.