Өлкө аймагында өткөн сутка ичинде 10 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 4, Ысык-Көл облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Ош шаарында 1 өрт кырсыгы болгон.
Аламүдүн районунда турак үйдүн 300 чарчы метр чатыры, бастырмасы күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.