Бишкекте 48 жаштагы айым "жер тилкелерин сатууда алдамчылыкка барган" деп шектелүүдө

Бишкекте 48 жаштагы айым "жер тилкелерин сатууда алдамчылыкка барган" деп шектелүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 14-майда билдирди.

Маалыматтарга караганда, Качыкеева Гүлжан аттуу айым өзүн Кыймылсыз мүлк агенттигинин кызматкери катары тааныштырып, жарандардын ишеничине кирип, аларга ар кайсы жаңы конуштардагы ээси бар жер тилкелеринин сатыла турганын айтчу. Кийин жарандар жер тилкесин алуу үчүн тиешелүү акчаны төлөгөн соң, Качыкеева Гүлжан из жашырып кеткен.

Учурда аталган жаран кармалып, иликтөө иштери уланууда.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
akzuura
2014-05-14 13:32:11
Ai jindii bawy jok.kynyr iw 40 kundo bilinet degen uwuuu.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан