Бишкекте “терезеден кирип уурулук кылган” деген шек менен эки жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 14-майда билдирди.
Милиция кызматкерлерине Бишкек шаарынын 52 жаштагы Кубанычбек аттуу тургуну кайрылып, белгисиз адамдар анын үйүнүн терезесинен кирип, алтын буюмдарын жана “Ролекс” алтын саатын уурдап кетишкендиктерин кабарлаган.
Көрүлгөн аракеттердин натыйжасында Бишкек шаарынын 22 жаштагы Исламбек жана Арсланбек аттуу тургундары кармалган. Иликтөө иштери уланууда.