Медициналык кызматтын сапатын жакшыртуу, медициналык кызматкерлердин кесиптик жигердүүлүгүн жогорулатуу, Бирдиктүү төлөөчү системинде иштеген саламаттыкты сактоо уюмдарын материалдык жактан өбөлгөлөө максатында “Эң мыкты саламаттыкты сактоо уюму” сынагы өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришти.
“Сынактын негизги максаты - Бирдиктүү төлөөчү системинде иштеген саламаттыкты сактоо уюмдарынын арасынан мыкты жамаатты алып чыгуу, саламаттыкты сактоонун негизги максатына адамдардын ден соолугун сактоо жана чыңдоого, калк арасында оорунун жана өлүмдүн сапатын кыскартууга, алдын алууга, ооруларды эрте аныктоого жана өз убагында дарылоого жетүү үчүн, саламаттык сактоо уюмдарында көрсөтүлгөн кызматтын сапатын жогорулатуу жана өркүндөтүү. Аталган сынактын жыйынтыгы 10-июнга чейин чыгарылат” деп белгилейт аталган фонддон.
“Эң мыкты саламаттыкты сактоо уюму” сынагынын алкагында эң мыкты деп табылган биринчи санитардык-медициналык жардам көрсөтүүчү жамаатка байгеге 50 миң сом, стационардык жардам көрсөтүүчү мыкты жамаатка 100 миң сом акча тапшырылмакчы.
Конкурстун жүрүшүндө мекеменин эстетикалык жасалгасы, жашылдандыруу иштери, санитардык абалы, эмгек жамаатынын ишмердүүлүгүнүн көрсөткүчү жана башка көрсөткүчтөр да эске алынары маалым.