13-майда Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун музыкалык-педагогикалык факультети тарабынан «Студенттерди окууга кантип кызыктырса болот?» деген аталышта семинар уюштурулду. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.
Ага жаш окутуучулар жана студенттер катышып, теманын үстүндө өздөрүнүн ойлорун ортого салышты.
Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө ОшМУнун окутуучусу Буаида Абдубалиева окууга тоскоолдук жараткан таасирлер туурасында тренинг өткөрүп, жалпы жаштарды окууга кызыгууга үндөп кетти.