"13 миллион сомдон ашык каражатты өзүнө ыйгарып, алдамчылыкка барган" деп шектелип издөөгө алынган айым Бишкек шаарынан кармалды

"13 миллион сомдон ашык каражатты өзүнө ыйгарып, алдамчылыкка барган" деп шектелип издөөгө алынган айым Бишкек шаарынан кармалды. Мындай маалыматты Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 14-майда билдирди.

Маалыматтарга караганда, 52 жаштагы Жаманкулова Сарика аттуу айым Улуттук көркөм сүрөт академиясында бухгалтерлик кызматта иштеп жүрүп аталган жайдын кассири менен биргеликте кылмыштуу келишимге барышкан. Жыйынтыгында алар 13 миллион 860 миң сом бюджеттик акчаны өздөрүнө ыйгарып алышкан.

Буга катар эле С.Жаманкулова өзүнүн таанышына биргелешип ишкерлик кылууну сунуштап, 50 миң АКШ долларын алган соң белгисиз тарапка из жашырып кеткен. Учурда аталган айымдын үстүнөн “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу” беренелери менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
SHATY
2014-05-14 13:00:42
Арам акча аш болбойт.
+2
tima2014
2014-05-14 13:08:46
баарын эле уурдап кача берсенер кандай болор экен мекендин келечеги.
0
Bella-life
2014-05-14 13:27:34
Ушул жашка келип аял башы м.н мындай иш кылса балдары кайда барат анда.
Небере чөбөрөнү жыттап жаткандын оордуна акчанын жытына азгырылып аягы түрмөгө келиптир да
0
clever777
2014-05-14 13:51:42
Кийинки убакта аферист аялдар кобойуп кетти го
0
ayka.1991kg
2014-05-14 14:57:29
clever777, тура айтасын
0
aikol87
2014-05-14 15:18:52
Ошто да бир аял банктан коз боёмочулук менен 10 мин $алып кетти деп атышпады беле не болду кармалганбы?
0
ACAH_AKA
2014-05-14 15:36:36
Кебетеси кантет бир аялдык касиет корунбойтко чиркин эркек сымал.Небере кучактап олтурбайбы короор кунунон кору жакын калганда алдап арам акча иштебей
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан