13-майда Ош шаардык мамлекеттик тил боюнча комиссиянын жаңы курамынын алгачкы отуруму өттү. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда Ош шаардык мэриясынын мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү адиси Эркайым Маматкерим кызы билдирди.
Анын айтымында, буга чейин бул комиссия тарабынан Ош шаарында мамлекеттик тилге болгон мамилени жакшыртуу боюнча атайын иш иштелип чыккан. Анда мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытында алгылыктуу, жаңычыл ой-пикирлер, сунуштар айтылды.
Айта кетсек, мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынганына быйыл 25 жыл толот.