“Кока-Кола” коомчулук көрсөткөн басымдан улам талаш жараткан ингредиентти суусундуктун курамынан чыгарды 

Талаш-тартышка түшкөн “Кока-Кола” суусундуктарынын курамына кошулуучу бромдолгон өсүмдүк майы же BVO затын алып, анын ордуна башка кошулма менен алмаштырууну чечти. Бул туурасында өткөн аптада чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бромдолгон өсүмдүк майы же BVO заты татымдардын курамын бузбай кармап туруу үчүн колдонулган бул кошулманы органикалык заттары өрттөнүп кетүүдөн сактаган антипирен химиялык затынан да табууга болот. Ал эми Япония жана Евробиримдикте аталган өсүмдүк майын тамак-аш кошулмасы катары колдонууга тыюу салынган.

Чет элдик басылмалардын билдирүүсүнө караганда, айрым изилдөөчүлөр курамында бромдолгон өсүмдүк майы бар суусундуктар ден соолукка терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин айтып чыгышкан эле.

Алар бул зат акырындык менен эс тутумдун начарлашына, тери жана нерв маселелерине себеп болушу мүмкүн экендигинен да кабар берди.

Ал эми "Кока-Кола” өз продукциясынын бардык суусундуктарын коопсуз жана ден соолукка терс таасири жок деп билдирди. Болгону бул кошулманы дүйнө жүзү боюнча колдонгон ингредиенттерине шайкеш келтирүү үчүн алып жатканын айтты.

Эске салсак, "Кока-Кола" компаниясынын атаандашы "Пепси" өз продукцияларынан аталган затты былтыр эле алып салган. Бромдолгон өсүмдүк майы "Кока-Кола" компаниясынын "Фанта" жана "Паверэйд" суусундуктарынын курамында бар.

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
elka_manas_kg
2014-05-14 18:43:22
Бугун эле ичкем болчум эми зыяны тийбестир кудай сактасын!!!(((
-2
semakg
2014-05-14 21:52:55
elka_manas_kg, олбойсун коркпо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан