Бишкекте Коопсуздук агенттигинин кызматкерлери "эки адамды ур-токмокко алган" деген шек менен кармалышты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 14-майда билдирди.
Белгилүү болгондой, ушул жылдын апрель айларында эс алуу борборлорунун биринен Коопсуздук агенттигинин кызматкерлери Д.Э. жана М.А. аттуу эки жаранды ур-токмокко алышкан. Анын натыйжасында Д.Э. аттуу жарандын ден соолугуна оор залал келтирилген. Бул боюнча ыкчам аракеттердин жүрүшүндө
кылмышка шектүү катары Ысык-Көл облусунун Адилет, Чүй облусунун Бакыт, Талас облусунун Мирбек жана Бишкек шаарынын Али аттуу жашоочулары кармалышты. Учурда кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камалып, иликтөө уланууда.