Максат Кунакунов: “Кыргыз-тажик чек ара маселесин президент чечиши керек”

Кыргыз-тажик чек ара маселесин мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев өзү Эмомали Рахмонов менен сүйлөшүп чечиши керек. Муну бүгүн, 14-майда экс-депутат Максат Кунакунов SUPER.KG порталына билдирди. Айтымында, бул маселени вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев гана чечет деген болбойт. “Кыргызстандын Тажикстандагы элчилери да бул маселеге жардамдашуусу керек. Андан сырткары бийлик өкүлдөрү жалпы Кыргызстандын чек аралары боюнча атайын долбоор иштеп чыгышы шарт. Эгер андай болбосо, дүйнөнүн бир топ өлкөлөрү чек ара тууралуу долбоорлорду иштеп чыгышкан, ошону эле көчүрүп койсо баары чечилет”,- деди Кунакунов.

Эске салсак, вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев баштаган делегация кыргыз-тажик чек ара маселелери боюнча 12-13-май күндөрү Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан