Алмазбек Атамбаев Түркиядагы кырсыкка байланыштуу президент Абдулла Гүл менен өкмөт башчы Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты

Бүгүн, 14-майда президент Алмазбек Атамбаев Түркиянын Сома шаарындагы 200дөн ашуун кишинин өмүрүн алган шахтадагы кырсыктан улам Түркиянын президенти Абдулла Гүл менен премьер-министр Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты. Муну президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди. 

Кыргыз эли бул трагедияга байланыштуу бүткүл түрк элинин аза кайгысын тең бөлүшөт. Каза болгондордун туугандарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат" деп белгиленет президенттин көңүл айтуусунда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан