«Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы 1-майда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы
Октябрь айылында дыйкан-фермерлердин республикалык II курултайын өткөрдү. Эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнүндө өткөн иш-чара тууралуу аталган партиядан 13-майда маалымдашты.
Курултайга “Өнүгүү-Прогресс”
саясий партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев
баштаган депутаттар Мирлан Бакиров
жана Абдулатип Режевалиевдер катышышты.
Иш-чарага
Кыргызстандын бардык аймагынан дыйкан-фермерлер келип катышты. Аймактардан
келген дыйкандар өлкө эгемендүүлүк алгандан бери айыл чарбасындагы
көйгөйлүү маселелерди, аларды чечүүнүн жолдорун талкуулашты.
«Элет элинин жашоосу айыл чарбасы
менен байланышканын «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы жакшы билет,
түшүнөт жана бул багытта жигердүү иш алып барат. Партиянын баамында,
өлкөнүн экономикасын көтөрүүнүн негизин түзгөн айыл чарба жана
кайра иштетүү тармагына тез аранын ичинде кечиктирилгис чараларды көрүү
зарылдыгы бар. Бул бүгүнкү күндүн актуалдуу талабы»,- деди Бакыт Төрөбаев.
“Өнүгүү-Прогресс” саясий
партиясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин Сузак районунун социалдык-экономикалык
абалынын өнүгүүсүнө кошкон салымын эске алышкан райондун жергиликтүү кошмо
жыйыны эл өкүлүнө “Сузак районунун ардактуу атуулу” наамын ыйгарышты.
Курултайда сөз алган район акими
Нурболот Мырзахметов партиянын айыл чарба, саламаттык сактоо, билим берүү жана
курулуш тармактарында аткарып жаткан аракеттери колдоого аларлык экенин
белгиледи.
Курултайдын экинчи бөлүгү
спорттук оюндар менен улантылды. Волейбол оюну боюнча сегиз команда
катышып,1-орунду Ленин айыл округунун курама командасы жеңип алды. 2-орунга Көк-Арт айыл округу ээ болсо, ал эми 3-орунду Кыз-Көл айыл
аймагынан келген волейболчулар алышты. Курултайдын жыйынтыгында дыйкандар
тарабынан айыл чарбасындагы көйгөйлүү маселелерди чечүүдө партиянын
программасын республикага жайылтуу сунушу айтылып, колдоо тапты.
«Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы дыйкан-фермерлердин
I республикалык курултайын 2013 жылдын 1-майында Ош облусунун
Өзгөн шаарындагы борбордук стадионунда өткөргөн. Салтанаттуу иш-чарага
Кыргызстандын бардык аймагынан дыйкандар катышкан.