Президент Алмазбек Атамбаев 2012-жылга республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду
Президент Алмазбек Атамбаев "КРнын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга божомолу жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамына кол койду. Мыйзам менен киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, КРнын 2012-жылга республикалык бюджетинин кирешелери 79,9 миллиард сомду (мурда бекитилген көрсөткүчтөн 1,7 миллиард сомго аз) жана чыгашалары 101,5 миллиард сомду (мурда бекитилген көрсөткүчтөн 3,2 миллиард сомго аз) түзөт. 2012-жылга республикалык бюджеттин тартыштыгынын чектелген өлчөмү 21,6 миллиард сом суммасында (же мурда бекитилген көрсөткүчтөн 1,5 миллиард сомго аз) белгиленген. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Эске салсак, бул мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2012-жылдын 13-декабрында кабыл алынган.