Кыргызстан Бажы биримдигине кирбесе, өлкөдө күйүүчү-майлоочу майлардын баасы кымбатташы мүмкүн. Муну 13-майда "Нефтетрейдерлер" ассоциациясынын башчысы Медетбек Керимкулов журналисттер менен жолугушууда билдирди.
“Азыр Кыргызстан Орусиядан алынган күйүүчү майларга экспорттук төлөмдү төлөбөйт. Кыргызстан Бажы биримдигине кирбесе, Орусия мындай жеңилдик бааны алып салышы мүмкүн”,- деди Керимкулов.