Судьяларды окутуу борборунда жарандык жана жазык иштериндеги сот актыларына анализ жүргүзүү усулу боюнча семинар өтүүдө

Бүгүн, 14-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Судьяларды окутуу борбору жана сот системин бекемдөө боюнча ЮСАИД/ИДЛО программасы менен биргиликте Кыргыз Республикасынын судьялары үчүн «Жарандык жана жазык иштери боюнча сот актыларына анализ жүргүзүү усулу» боюнча семинар өтүүдө. 

Семинар КРнын Жогорку Сотунун судьялары жана жергиликтүү соттору болуп, жалпысынан 22 судьянын катышуусунда өтүп жатат. Анда Жогорку Соттун отставкадагы судьялары Максутова Гүлжамал, Эралиева Расия, Гутниченко Лариса жана Бишкек шаардык сотунун отставкадагы судьясы Давлетбаева Мадина окутуучу катары иш алып барышууда. Семинардын модератору - USAID/ИДЛОнун Кыргызстандагы сот системин бекемдөө боюнча программасынын улук кеңешчиси Айбек Давлетов. 

Программа боюнча эксперттик топтун «Жазык жана жарандык иштер боюнча сот актыларына анализ жүргүзүү усулу боюнча» презентациялары тартууланууда. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан