Ош шаарында быйыл Акыркы коңгуроо жогорку деңгээлде белгиленет. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Куштарбек Кимсанов билдирди.
Анын айтымында, шаарда Акыркы коңгуроо аземин жогорку деңгээлде өткөрүү жөнүндө аракеттер жүрүп жатат. Ошондой эле Билим берүү башкармалыгынын, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жана Жол кыймылы коопсуздугу кызматынын кызматкерлери тарабынан такай көзөмөлгө алынмакчы.
"Окуучулардын Акыркы коңгуроосун мектептен башка жакта белгилөөгө биз эле эмес, ата-энелер өздөрү дагы кызыкдар. Анткени балдарыбыздын ден соолугунун жана өмүрүнүн коопсуздугу баарыбыз үчүн өтө маанилүү",- деди К.Кимсанов.
Айта кетсек, быйыл 25-май жекшемби күнгө туура келгенине байланыштуу Акыркы коңгуроо аземи 24-майда өткөрүлөт. Тийиштүү буйрукка билим берүү жана илим министри Канат Садыков кол койгон.