Өзбекстанда 2015-жылдын 22-мартында президенттик шайлоо өтөт

Өзбекстанда президенттик шайлоо 2015-жылдын 22-мартында болот. Муну бүгүн, 14-майда Өзбекстандын басылмалары жарыялашты. Маалыматка таянсак, мамлекет башчы Ислам Каримов өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясына ушул жылдын 21-декабрына парламентти, облустук, райондук жана шаардык кеңештерди шайлоо күнү деп белгилөө чечимин чыгарууга жол берген. Ошондой эле президентти шайлоо парламенттик шайлоодон 90 күн өткөндөн кийин болушу керектиги айтылды.

Жеңип чыккан талапкер өлкөнү 5 жыл башкарууга укук алат. Буга чейин бул мөөнөт 7 жыл болчу. Конституцияга мындай өзгөртүү 2011-жылдын 5-декабрында парламент тарабынан киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан