Ошто күч түзүмдөрүнүн таланттуу кызматкерлеринин арасында “Жоокер ыры” аттуу сынак өткөрүлдү

9-Май – Улуу Жеңиштин 69 жылдыгына карата Ош шаарындагы драма театрында “Жоокер ыры” аттуу сынак өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Ага КРнын Куралдуу күчтөрүнүн жана күч түзүмдөрүнүн таланттуу кызматкерлери катышышты. 

Жыйынтыгында 1-орунду Ош облустук Жол-кайгуул кызматынын кызматкери Нурбек Молдалиев ээлесе, ӨКМнын атынан Өзүнчө куткаруу отрядынын тарбиялоо бөлүмүнүн улук офицери Бекзатбек Казаков катышып, 6 катышуучунун ичинен 2-орунду ээледи. 3-орун ээси Жалал-Абад шаардык Жол-кайгуул кызматынын кызматкери Нурлан Абдраимов болду. 

Байгелүү орун ээлери 2014-жылдын сентябрь айында Бишкек шаарында өтө турган финалдык турга жолдомо алышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан