Куршаб айылында жашаган кытай жарандары коопсуздук үчүн Ош шаарына жөнөтүлдү
Ош облустук ИИБи билдиргендей, 8-январдагы Өзгөндүн Куршаб айылындагы кытай жарандары менен жергиликтүү тургундардын массалык мушташынан улам аталган айылдагы бардык кытай жарандары коопсуздук үчүн Ош шаарына алынып барылды. Аталган органдын маалыматы боюнча Куршаб айылында 80 кытай жараны жашайт. Окуяга байланыштуу азырынча бир да адамга айып тагылып, укук коргоо кызматкерлери тарабынан кармала электигин билдирди Ош облустук ИИБси.