Бүгүн, 14-майда Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы №26-орто мектебинде улуу акындын айкели салтанат менен ачылды. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Ага вице-мэр Ильичбек Эргешов, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсанов, Ош шаардык кеңешинин депутаттары жана билим берүүнүн кызматкерлери катышышты.
Маалым болгондой, улуу акындын айкелин орнотууга материалдык жактан жардам катары Ош шаарынын мэринин резервдик фондунан 70 миң сом бөлүнүп берилген жана ошондой эле Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан мектеп музейине комуз белекке берилди.