Бишкекте Орто Азия кол өнөрчүлөрүнүн көргөзмө-жарманкеси өтөт

16-17-майда Бишкекте Эл аралык музей күнүнө карата Орто Азиядагы кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси өтөт. Бул иш-чара Кыргыз кол өнөрчүлүгүн өнүктүрүү боюнча Борбор Азия ассоциациясы жана Борбор Азиядагы Америка университетинин демилгеси менен уюштурулууда. 

Уюштуруучулардын айтымында, жарманкеге келгендер Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Ооганстандын уздарынын колунан чыккан буюмдарды сатып ала алышат. Жарманкеге керамикадан жасалган буюмдар, килемдер, жибектен тигилген кийимдер, зер буюмдар коюлат. 

Аталган жарманке эски аянтта саат 10:00-18:00гө чейин болот. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан