Жоомарт Оторбаев Түркиядагы кырсыкка байланыштуу өкмөт башчы Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Түркиянын Сома шаарындагы 200дөн ашуун кишинин өмүрүн алган шахтадагы кырсыкка байланыштуу аталган өлкөнүн премьер-министри Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтуу катын жөнөттү. Муну бүгүн, 14-майда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 
"Урматтуу премьер-министр, Манис провинциясында 13-майда көп адамдардын өмүрүн алып кеткен шахтадагы кырсыкты терең кайгыруу менен кабыл алдым. Бул оор кырдаалда Кыргызстандын өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилден айтылган көңүл айтууну кабыл алыңыз. Каза болгондордун жакындарына көңүл айтуумду, жаракат алгандардын тезирээк сакайышын каалаарымды жеткирип коюуңузду өтүнөм" деп айтылат өкмөт башчынын көңүл айтуусунда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан