“Тигр” ыкчам аракеттеги тобунун эки кызматкери милиция кызматкерлери менен мушташып кетишкени үчүн кармалышты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 14-майда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Жибек Жолу жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги мейманканалардын биринде адамдардын мушташып жатканы тууралуу кабарланган. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлерине эки адам кол көтөрүп, каршылык көрсөтүшкөн. Алар “Тигр” ыкчам аракеттеги тобунун кызматкерлери, 21 жаштагы Калык, 26 жаштагы Тилек аттуу жарандар болгон. Аталган жарандар укук коргоо кызматкерлери менен мушташып кетип, бир милиция кызматкери жабыр тарткан. Учурда аталган окуя боюнча “бейбаштык” беренеси менен иш козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камалышты.