Аксы районунда быйыл 1347 окуучу мектепти бүтүрөт. Муну бүгүн, 14-майда аталган райондун билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Мирабилла Үсөнбаев билдирди. Айтымында, ушу тапта райондо 24 449 окуучу билим алууда.
“Быйыл 11-классты 1347 окуучу, 9-классты 2532 окуучу аяктайт. Өзгөчө аттестатка 30 окуучу сунушталууда. Бирок алар атайын тест тапшырышып, андан өткөндөрү гана кызыл аттестат алышат. Тестти Билим берүү министрлиги уюштурат”,- деди Үсөнбаев.