Таш-Көмүр шаардык кеңешинин төрагалыгына Мамадали Кулдышев шайланды

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңешинин биринчи жыйыны бүгүн, 9-январда болуп өттү. Анда жергиликтүү кеңештин депутаттары төрагалыкка коалициялык көпчүлүктү түзгөн “Ата Журт”, “Өнүгүү”, “Ата Мекен”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Замандаш-Современник” жана Кыргызстан коммунисттер партиялары Мамадали Кулдышевди (Кыргызстан коммунисттер партиясынын өкүлү) сунуштады. Ал эми коалициялык азчылыкты түзгөн КСДП да өз талапкерин көрсөттү. Жыйынтыгында 31 депутаттын 22си колдоп Мамадали Кулдышев Таш-Көмүр шаардык кеңештин төрагасы болуп шайланды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан