Эрлан Абдылдаев Казакстан менен Өзбекстандын тышкы иштер министрлери менен жолугушту

Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарында экономикалык форумга катышып жаткан КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Казакстан менен Өзбекстандын тышкы иштер министрлери менен жолугушту.
Казакстандын тышкы саясат боюнча мекемесинин башчысы Е.Идирисов менен кыргыз-казак кызматташтыгынын алкагындагы актуалдуу көйгөйлөрдү жана келерки саясий жолугушууларга катышууну талкууга алышты. Ал эми Өзбекстандын тышкы иштер министри А.Камилов менен эки өлкөнүн мамилесиндеги маселелер боюнча пикир алмашты. Бул тууралуу 14-майда ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан