Бишкекте аким Аскербек Алиев көчөлөрдөгү көрнөк-жарнактардын мазмуну боюнча тапшырма берди

Бишкектин Биринчи Май районунун акими Аскербек Алиев 14-майда Патрис Лумумба көчөсүндө жайгашкан мекеме, ишканалардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда аким мекеме кызматкерлерине өздөрүнө тийиштүү аймактын санитардык абалына кам көрүү тапшырмасын берди. Мэриянын билдиришинче, көрнөк-жарнактарды мамлекеттик тил боюнча мыйзамдын талаптарына туура келе тургандай кылуу талабы да айтылды. Жыйынтыгында бардык көйгөйлөрдү ыкчам чечүү үчүн атайын штаб түзүү чечими кабыл алынды. Штабдын курамына акимчиликтин, шаардык кызматтардын кызматкерлери кирмекчи. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан