16-майда Бишкектин айрым жерлерине газ берүүнү чектөө пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, айрым аймактардагы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Бишкектеги Абдраев, Сельсовет, Средний, Казаков көчөлөрүндө газ берүү токтотулат.