Кербен шаарында 320 окуучуга ылайыкталган жаңы мектеп курулууда

Аксы районунун борбору Кербен шаарында 320 окуучуга ылайыкталган жаңы мектеп курулууда. Муну аталган райондун билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Мирабилла Үсөнбаев билдирди. Айтымында, 2 кабаттуу мектептин курулушу 60 пайызга аяктап калды.

“Сармат Качыкеев атындагы мектептин курулушуна республикалык бюджеттен 58 миллион сом бөлүнгөн. Имаратты жаңы окуу жылына пайдаланууга берүүнү пландап жатабыз”,- дейт Үсөнбаев.

Билим берүү тармагындагы негизги көйгөйлөр деп Үсөнбаев мектептердин компьютер менен толук жабдылбаганын, китептердин жетишсиздигин жана мектеп имараттарынын эскилигин атады.

Айтымында, райондо ушу тапта 4 орто мектеп, 1 бала бакча оңдоого муктаж абалда турат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан