Мекке шаарындагы ыйык саналган Аль-Харам мечитинин имамы,
белгилүү шейх
Махир бин Хамад ал-Муъайкили Кыргызстандагы
казыяттарынын иши менен таанышат. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда Кыргызстан
мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шейх Махир бин Хамад ал-Муъайкили Кыргызстандагы ислам
маданияты, муфтияттын жана аймактык казыяттардын ишмердүүлүгү менен таанышуусу күтүлүүдө.