Социалдык өнүгүү министри Финляндиянын өкүлү менен аялдардын укугун коргоо тармагында кызматташууну талкуулады

Аялдардын укугун коргоо маселесин кеңейтүү тармагында социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев Финляндиянын Борбордук Азия жана Чыгыш Европадагы өзгөчө иштер боюнча өкүлү Лаура Рейнила менен талкуулады. Бул тууралуу 14-майда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

"Гендерге тиешелүү маселелер биздин өлкөдө өткөн кылымда актуалдуу болгон. Азыр бул багытта Кыргызстанда өнүгүү жасалган. Албетте, аялдардын укугун коргоо, анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча көйгөйлөрдүн үстүндө иштеп жатабыз",- деди министр. 

Ошондой эле министрлик айыл жергесиндеги аялдардын социалдык-экономикалык укуктарын коргоо жаатында иш алып барып жатканын айтып, шаардагы аялдарга караганда айыл жергесинде жашагандардын маалымат менен камсыз болуусу чабал болуп жатканын айтты.  

Лаура Рейнила Кыргызстан аялдардын укуктарын коргоодо чоң жылыш жасаганын белгилеп өттү. "Кыргызстан менен Финляндияда бүгүнкү күндө күчтүү айымдар көп. Тилекке каршы, биздин өлкө майыптар жөнүндө конвенцияны ратификациялай элек. Биздин өлкөдөн озуп кетүүгө бардык мүмкүнчүлүктөрүңөр бар",- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан