Бүгүн, 15-майда Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында профилактикалык иштерге байланыштуу электр энергиясы үзгүлтүккө учурашы күтүлөт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 9:00дөн 17:00гө чейин Лущихин, Черноморская, Чайковский, Тойгонбаев көчөлөрүндө, Көлмө конушундагы Боталиев, Сейил, Теңдик, Медина, Жеткинчек, Дастан, Жаштык көчөлөрүндө, 10-кичи райондогу №24/1 көп кабаттуу үйдө, Чүй проспектисиндеги №45, 47, 49, 51, 53, 55, 57, 59, 61, 71, 69-көп кабаттуу үйлөрдө, №2422, 351, 1432, 2184, 246, 487-трансформаторлордогу, "Молодогвардейская" көмөк чордонунан тараган 10 кВт аба электр берүү чубалгысындагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы убактылуу үзгүлтүккө учурайт.
Ошондой эле саат 09:00дөн 17:00гө чейин Аламүдүн районундагы Таш-Мойнок, Прохладное, Горная Маевка, Бирлик, Пригородное, Степное, Озёрное, Гроздь, Жогорку Ат-Башы, Көк-Жар айылдарында, Жайыл районундагы Петропавловка айылындагы Фрунзе, Центральная көчөлөрүндө "Петропавловка", "Стрельников", "Майская", "Орок", "Бирлик" көмөк чордондорунан тараган 10 кВт аба электр берүү чубалгыларындагы оңдоо иштерине байланыштуу электр энергиясы өчүрүлөт.