Асия Сасыкбаева "Кемин бийлиги элдин үнүн укпай калыптыр" дейт

Кемин районунун жергиликтүү бийлик жетекчилери элдин кайрылуусуна кулак какпай, эл өзү менен өзү алектенип калды. Муну вице-спикер Асия Сасыкбаева айтканын 14-майда ЖКнын маалымат кызматы билдирди.
"Кеминдин айылдарындагы селден улам 8-майда эле өзгөчө кырдаал режими киргизилгенине карабай мамлекеттик органдар менен мекеме жетекчилеринин аракети анчалык деле байкалган жок. Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Исаев гана сел жүргөн аймакка барып, шашылыш чараларды көрүүгө убада берди",- деди Сасыкбаева.

Депутат 15-майда өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов менен бирге Кемин жергесине кайрадан барып, селдин кесепетин жоюу иштеринин аткарылышы менен таанышып, аларды көзөмөлгө аларын билдирди.

"Кемин районундагы абал, андагы калктын турмушу мага мурдатан эле жакшы тааныш. Ал башынан эле дотациялуу аймак болгондуктан, өкмөт өзү кийлигишпесе, кырсык кесепетин жоюу жалгыз жергиликтүү элдин да, жергиликтүү бийликтин да колунан келбейт. Азыртан шашылыш чараларды көрүп, материалдык жардам көрсөтүү зарыл",- деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан