Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 14-майда Сауд Арабиянын Мекке шаарындагы Аль-Харам мечитинин имамы шейх Махир бин Хамад Аль-Муъайкилини кабыл алды.
Жолугушууга вице-спикер Төрөбай Зулпукаров, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Орозбек Молдалиев, Сауд Арабиянын Кыргызстандагы элчиси Абдурахман бин Саид Аль Жума катышты.
Имам бул сапарында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында болуп, казыяттардын жетекчилери жана муфтияттын иши менен таанышарын айтты.
"16-майда Улуттук филармонияда "Исламдын толеранттуулугу жана анын экстремизм, терроризм жана ырайымсыздыкты тааныбастыгы" деген темада дарс окуйт" деп билдирди ЖКнын маалымат кызматы.