* Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы
"Жер-Үй" кенине жакын Таластын Чат-Базар айылында нааразылык акциясы башталган. Акцияга облустун баш-аягынан 100 чамалуу киши чогулган. Алар "Кумтөр" маселеси чечилмейин "Жер-Үй" кенин иштетүүгө каршы турарын айтышкан. Аталган алтын кени боюнча тендер 5-апрелде жарыяланып, ага бир гана британиялык "Континент финанс" аттуу компания документтерин тапшырган. 
* Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы Парламентте ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитетинин сунушу боюнча орусиялык саясатчы, Мамлекеттик Думанын депутаты
Владимир Жириновскийдин Кыргызстан тууралуу жосунсуз билдирүүсү боюнча маселе каралган. Жириновскийдин “Орусия Кыргызстандын карыздарын кечип жаткандыгы үчүн Ысык-Көлдү Орусияга берсин” деп айткан сөзүнөн кийин Жогорку Кеңеш Владимир Жириновскийди өлкөгө киргизбөө тууралуу токтом кабыл алган.
* Мындан 19 жыл мурун, 1995-жылы Кытай өзөктүк куралдын кезектеги сыноосун өткөргөн. Жардыруу Такла Макан чөлүндө ишке ашып, адистердин айтымында, кытайлыктар шамал Орто Азияга соккон маалга тушташ сыноону баштаган жана мындан Кыргызстандын экологиясы жабыр тарткан.