Министр Кубатбек Боронов Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Метин Кылычка көңүл айтты

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Түркиянын батышында кырсыктан каза болгондорго байланыштуу Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Метин Кылычка көңүл айтты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

“Урматтуу Метин Кылыч мырза! Түркиянын батышындагы Маниса провинциясындагы 13-майда көп адамдын өмүрүн алып кеткен шахтадагы кырсыкты терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтам” деп айтылат министрдин көңүл айтуусунда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан