Кечээ, 13-майда Юстиция министрлигинде министр Алмамбет Шыкмаматовдун Европа союзунун өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда Юстиция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган жолугушууда Кыргызстан менен кызматташуу боюнча географикалык координатор Анья Нагел тааныштырылды. Андан сырткары кызматташуунун учурдагы маселелери, мындан аркы өз ара аракеттешүүнүн приоритеттүү багыттары талкууланды.
Тактап айтканда, Кыргызстан менен Европа союзунун ортосундагы «Кыргызстанда мыйзамдын үстөмдүк кылуусун сактоону отчёттуулукка жана ачыктыкка өзгөчө басым коюу менен илгерилетүү» долбоору боюнча каржылык макулдашуунун ишке ашырылуусуна өзгөчө көңүл бурулду.