14-майда вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев басма сөз жыйында “Тажикстан тарап Баткендин Ак-Сай айылына курула турган көпүрөнү башка тарапка жылдырууну суранып жатат” деп билдирди. Айтымында, Тажикстанда өткөн эки тараптуу сүйлөшүүдө 5 маселе каралып, жакшы чечимдерге келишиптир. Бирок Тажикстан бийлиги бир гана маселеге макул эместигин билдирген.
“Ак-Сай айылынын кире беришине көпүрө курушубуз керек эле. Бирок Тажикстан тарап "көпүрөнү 800-900 метр жогору жактан кургула" деп суранып жатат. Биз бул боюнча эки тараптын транспорт жана коммуникация министрлерине тапшырма бердик. Министрлер эки апта аралыгында бул маселени такташат”,- деди Маматалиев.