Түркиянын Сома шаарында көмүр шахтасындагы жарылууда каза болгондордун саны 270ке жетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган чет элдик маалымат булактарына билдирди. Буга чейин 205 киши көз жумганы айтылып жаткан. Маалыматка таянсак, жер астында дагы 150гө чукул адам калган.
Окуя болгонго чейин 3 апта мурун шахтаны текшерүүгө алуу маселесин Түркия өкмөтү артка кайтарганы белгилүү болду. Андан сырткары 2013-жылы оппозициялык партиялардын бири да бул райондогу шахталардын абалын иликтөө боюнча демилге көтөргөндө парламенттеги “Акыйкат” партиясы демилгени четке каккан.