“Урматтуу форумдун катышуучулары, кымбаттуу достор! Меймандос кыргыз жергесине кош келипсиздер!
Улуттук агрардык экинчи форумдун жергебизде өткөрүлүшү Кыргызстан айыл чарбасын өнүктүрүүгө бардык күч-аракетин жумшап, экономикадагы курч маселелерди ачык талкуулоого даяр экендигин ырастап турат. Совет доорунда республикабызда айыл чарбасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бөлүнгөн. Аталарыбыздын маңдай тери, ак эмгеги менен миңдеген гектар жерлер өздөштүрүлүп, мал чарбачылыгы, кайра иштетүү тармагы дүркүрөп өнүккөн. Тилекке каршы, эгемендик жылдары көп нерседен кол жууп калдык. Кыргызстан айыл чарба азыктарын экспорттоочу мамлекеттен импорттоочу өлкөгө айланды.
Айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн бардык шарттары бар өлкөдө жашап туруп, четтен айыл чарба азыктарын сатып алуу – уят. Керектөөчүгө жетпей эле түшүмдүн бир бөлүгү жараксыз болуп калганы андан дагы уят иш.Кымбаттуу достор!
Мындай кырдаалды өзгөртпөсөк болбойт. Жакынкы жылдарда Кыргызстан өзүн таза жана сапаттуу азыктар менен камсыздап, аны сыртка саткан мамлекетке айланууга тийиш. Акыркы жылдары бул багытта алгачкы кадамдар жасалды. Жылына элеттиктерге жалпы көлөмү 3 миллиард сомдон ашуун жеңилдетилген кредиттер берилүүдө. Дыйкандарды сапаттуу үрөн менен камсыздоо максатында 14 үрөнчүлүк чарба түзүлдү. Райондук суу чарба мекемелерине 288 даана атайын техника сатылып алынды. Өлкөбүздү туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиясында жылына 10 000 гектар сугат жерди пайдаланууга киргизүү милдети коюлган.
Урматтуу достор! Аткара турган иштерибиз арбын. Негизгиси, өзүбүзгө, өз күчүбүзгө гана ишенип, талыкпай эмгектенип, жаратмандык жолуна түшүү абзел! Улуттук агрардык форум бышып жетилген маселелерди талкуулоого, тажрыйба алмашууга, жаңы байланыштарды табууга, узак мөөнөттүү кызматташууга жакшы шарт түзөт деп ишенем. Форум ийгиликтүү өтүп, жакшы саамалыкка айлансын. Бардык меймандарга жана катышуучуларга чың ден соолук, бакыт-таалай жана иштерине ийгилик каалайм!"