Украина Крымдан айрылуудан 1 триллион гривенден ашык (84,6 миллион доллар) чыгым тартты. Муну 14-майда Украинанын юстиция министри Павел Петренкого шилтеме берүү менен чет элдик маалымат булактары жарыялашты. Украина Кара деңиз аймагындагы газды иштете албай күн сайын чыгымга учурап жатканын айтат министр. "Орусия иш жүзүндө Украинага караштуу газды иштетүүдө. Ушундай эле нерсе деңиз портторуна да тиешелүү",- дейт министр.
Февраль айынын аягында Украинада бийлик алмашкандан кийин Крымдын жашоочуларынын бир бөлүгү Украинанын жаңы бийлигин тааныбай тургандыгын айтып чыгышкан. Референдум өтүп, жыйынтыгында Крым Орусиянын курамына кирген.