Кыргызстанда коргоого алынган жандыктарга аңчылык кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу КРнын Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Ысык-Көл жана Нарын облустарында аталган агенттик 3-январдан 8-январга чейин аңчыларга каршы рейд жүргүзгөн. Рейд учурунда улар, элик, түлкүгө мыйзамсыз аңчылык кылган эки окуянын бетин ачышкан.